Бишкекте 750 орундуу заманбап мектептин курулушу 70 пайызга аяктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Аталган долбоорлор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Жаңы билим берүү мекемелеринин бири Кашка-Баш айылында курулуп жаткан 750 орундуу заманбап мектеп болуп саналат. Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө салынып, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имараттын жалпы аянты 8 миң 234 чарчы метрди түзөт.
Билим берүү мекемесинин аймагында окуучулар үчүн спорттук инфраструктура да түзүлөт. Атап айтканда, эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол ойноого ылайыкталган эки көп функциялуу спорт аянтчасы, ошондой эле алты тилкелүү чуркоо жолу курулат. Мындан тышкары, мектептин айланасы жашылдандырылып, төрт тарабынан сквер уюштурулат.
Учурда курулуш иштери комплекстүү түрдө жүргүзүлүп, объекттин даярдыгы 70 пайызга жетти. Бүгүнкү күндө имараттын сырткы фасадын жасалгалоо жана ички монтаждоо иштери уланууда. Ошондой эле жайкы спорт аянтчаларын курууга даярдык иштери жүрүп жатат.