Бишкекте 92 метрлик «Бишкек жылдызы» бар «Асман Парк» ачылды

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

 Бишкекте көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы «Асанбай» паркы жаңыланып, анын ордуна «Асман Парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору ачылды.Нет описания фото.

Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Гуля Кожокулова жана «Асман Парк» борборунун директору Айбек Сулайманбеков катышты.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашып, аймак толугу менен реконструкцияланып, көрктөндүрүлүп жана жашылдандырылды. Долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылган.

Паркта заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, оюн-зоок аянтчалары жана футуристтик дизайн элементтери түзүлдү. Ошондой эле аймакка 1 миңден ашык жаш дарак жана декоративдүү көчөт отургузулду.Возможно, это изображение ребенок, танцы, толпа и текст

«Асман Парктын» башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири — 92 метр бийиктиктеги «Бишкек жылдызы» айланма дөңгөлөгү. Маалыматка караганда, ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат. Дөңгөлөктүн бийиктигинен борбор калаа жана анын айланасындагы тоолор көрүнөт.

Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, сахнада Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу өнөр тартуулашты.

Мэр Айбек Джунушалиев жаңы эс алуу жайы шаардыктар үчүн заманбап жана коопсуз жайга айланганын белгилеп, «Асман Парк» балдардын күлкүсүнө жана жакшы маанайга толгон жай болушун каалады.Возможно, это изображение небоскреб

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X