Бишкекте адистер, ишкерлер жана спортчулардын башын бириктирген шахматтык турнир өтөт

4-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрель күнү N-Group курулуш компаниясынын башкы кеңсесинде «N-Group Chess Cup 2025» аталышындагы шахматтык турнир өтөт. Аталган турнир шахмат оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында N-Group компаниясы тарабынан уюштурулат. Ага ишкерлер, медиа өкүлдөрү, блогерлер, спортчулар жана белгилүү инсандар катышат.

Турнирдин талаптарына ылайык оюн шахмат сүйүүчүлөрү үчүн гана өткөрүлөт. Тагыраагы FIDE рейтинги бар дасыккан оюнчулар катыша албайт.

Жеңүүчүлөр кубок, медал жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Ал эми турнирдин чемпиону N-Group компаниясы камдаган өзгөчө белекке ээ болот.

4-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X