Бишкекте аэропорт багытындагы негизги көчөлөрдүн бири капиталдык оңдоодон өтөт

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо башталат.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23-июнунан тартып оңдоо иштери Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки тилкеде жүргүзүлөт. Реконструкция этап-этабы менен, көчөнүн айрым бөлүктөрүндө кезектешип аткарылат.

Белгиленгендей, курулуш иштеринин жүрүшүндө жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы убактылуу жабылып, унаалардын кыймылы экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.

Мэрия мындай ыкма транспорттук байланыштын үзгүлтүксүз сакталышын камсыздап, шаар тургундары жана коноктор үчүн жаралган ыңгайсыздыктарды минималдаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Убактылуу чектөөлөр реконструкция жүргүзүлүп жаткан тилкелерде иштер толук аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат.

Шаар бийлиги белгилегендей, аткарылып жаткан иштер жол катмарынын сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууда оңдоо иштерин эске алууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X