Бишкекте айдоочулардын айлыгы 30% га жогорулашы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэри «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ошондой эле коомдук транспорттун аялдамалары боюнча белгиленген талаптарды аткаруу зарылдыгын баса белгиледи. Өзгөчө көңүл жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана каттамдагы тартипке бурулду.
Мэр жүргүнчүлөрдү белгиленген аялдама пункттарында гана түшүрүү талаптарын колдоорун айтып, айдоочулар эрежелерди сактоо менен катар жүргүнчүлөргө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул коомдук транспортту колдонуу маданиятын жогорулатууга жана белгиленген нормаларды урматтоого өбөлгө түзөт.
Ошондой эле жолугушууда айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу жана накталай эмес төлөм системасына өтүү маселелери талкууланды.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясы тиешелүү долбоорду иштеп чыгууда. Документ жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат. Анда коомдук транспортто жол кирени толугу менен накталай эмес төлөөгө өткөрүү жана айдоочулардын айлыгын этап-этабы менен 30 пайызга жогорулатуу каралган.