Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаар тургундарынын жана конокторунун суранычы, Президенттин колдоосу менен кабыл алынды.

Айт намазынын программасы төмөнкүдөй:

  • 07:00 – 07:30 – Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
  •  07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев;
  • 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери;
  • 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы программа:

  • 07:30–08:00 — Куран окуу;
  • 08:00–08:25 — Диний баяндар;
  • 08:25–08:30 — Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 — Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактарда убакыттар жергиликтүү шартка жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X