Бишкекте келе жаткан дем алыш күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Бишкек шаардык муниципалитет тарабынан салтка айланган айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат.
Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт:
• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Уюштуруучулар шаардыктарга санитардык эрежелерди сактоону эскертишет.