Бишкекте акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгүн 6 күндө 56 миңден ашык жүргүнчү пайдаланды
Бишкекте коомдук транспортто акысыз кайра отуруу мүмкүнчүлүгүн алгачкы алты күндө 56 миң 817 жүргүнчү пайдаланды.
Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы система боюнча жол кирени карта же башка накталай эмес төлөм каражаттары аркылуу төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык каттамдар арасында кошумча акы төлөбөстөн кайра отура алышат.
Мэрия белгилегендей, аталган система борбор калаада заманбап жана жеткиликтүү коомдук транспортту өнүктүрүү максатында ишке киргизилген.
«Жаңы тариф жүргүнчүлөрдүн жол киреге кеткен чыгымын азайтып, коомдук транспортту пайдаланууну ыңгайлуураак кылат. Алгачкы көрсөткүчтөр бул кызматка болгон кызыгуу жогору экенин көрсөтүп жатат», – деп айтылат мэриянын маалыматында.