"Эркин-Тоо"

Бишкекте алкоголдук ичимдик өндүргөн жашыруун цехтин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-мартында УКМК министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттиги) менен бирдикте Кыргызстандын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылган. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.

УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбайт жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылат. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирет.

Алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу түрүндө республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирет, бул алкоголду өндүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатка тоскоолдук жаратууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!