"Эркин-Тоо"

Бишкекте Amazon катышуусу менен IT-форуму өтөт

Бишкекте 24-мартта Борбор Азия IT форуму өтөт. Бул тууралуу билим берүү министрилиги билдирди

Форумга Amazon, Washington University өкүлдөрүнүн, ошондой эле IT компаниялар жана маалыматтык технологиялар боюнча факультеттер каралган университеттер менен кызматташууга кызыкдар Япония жана Корея мамлекеттеринен келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө.

«Иш-чаранын күн тартибинде эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар, Германия, Корея, АКШ жана Япониялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү максатында билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, ошондой эле IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгы каралган» — деп мекеме белгилеген.

Уюштуруучулар — Жогорку технологиялар паркы, президенттин администрациясы, КР дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!