Бишкекте ата-энелер жана балдар спорттук мелдеште күч сынашты

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

2026-жылдын 24-майында борбор калаадагы «Алга» спорт комплекси базасында салтка айланган «Атам, апам жана мен – дени сак үй-бүлө» аттуу үй-бүлөлүк спартакиаданын шаардык этабы өткөрүлдү. Мелдешке райондук баскычтарда жеңишке жетишкен ата-энелерден жана балдардан түзүлгөн командалар катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "GIR GIRLS COP DOIT D 00 BETTER ER BE 11"

  1. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Виктория Мозгачева катышып, мындай спорттук иш-чараларга кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, үй-бүлөлүк спорттук мелдештер жаш муунду сергек жашоо образына үндөп, коомдо спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Ошондой эле ал райондук этаптардан ийгиликтүү өтүп, шаардык деңгээлге чыгуу ар бир үй-бүлө үчүн чоң жетишкендик экенин белгилеп, катышуучуларга ак ниет атаандаштык жана ийгилик каалады.

Спартакиадага Бишкек шаарынын төрт районунан жалпы 8 команда катышты. Үй-бүлөлөр кыска аралыкка чуркоо, секирмек менен секирүү, стритбол, мүшөк менен секирүү, мык кагуу, «Чүкө» (үч тапан) оюну жана аркан тартыш сыяктуу спорттук жана улуттук оюндар боюнча күч сынашты.Возможно, это изображение боевые искусства

Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун — Биринчи Май районунун «Шумкар» командасы (башкы байге — муздаткыч);
  • 2-орун — Ленин районунун «Биримдик» командасы (кир жуугуч машина);
  • 3-орун — Свердлов районунун «Бүркүт» командасы (телевизор).

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты. Мындан тышкары, бардык катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди играют в баскетбол и текст

Белгилей кетсек, спартакиада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, сергек жашоо образын жайылтуу, үй-бүлөлүк спортту өнүктүрүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоону максат кылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X