Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышып, бир адам каза болду
Бишкек шаарында Манас проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Kia Optima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, башкарууну жоготкон. Натыйжада унаа автобус менен кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болду. Автобустагы беш жүргүнчү жабыркап, алардын арасында мектеп окуучусу да бар.
Жабыркагандардын экөө ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.