Бишкекте автобус сүзгөн 9 жаштагы бала каза болду
Бишкекте жол кырсыгы катталып, 9 жаштагы бала каза болду.
Кайгуул кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдиргендей, кырсык 13-июль күнү саат 09:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Маалыматка караганда, автобус жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан 2017-жылы туулган Н.А. аттуу баланы сүзгөн. Алган жаракаттарынан улам бала окуя болгон жерде көз жумган.
Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.