Бишкекте автобус жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эки өспүрүм кызды сүзүп кетти

11-август, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 88

Бишкекте бүгүн, 11-августта, болжол менен саат 09:00дө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Ю. Фучик көчөсүндө, «Аска-Таш» комплексине жетпей болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, №153 каттамда жүргөн, мамлекеттик номери 01KG937AZ болгон Isuzu Citiport автобусу түндүктү көздөй бара жаткан. Айдоочу чыгыштан батышты көздөй жөө адамдар өтүп жаткан учурда болжол менен 15–16 жаштагы эки өспүрүм кызды сүзүп алган.

Кырсыктан кийин автобус токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Жабыркаган өспүрүмдөр №3 балдар ооруканасына жеткирилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздар олуттуу жаракат алышкан эмес.

Окуя Бишкек шаардык ЖККБда жана камсыздандыруу компаниясында каттоого алынган.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери жана бардык жагдайлары такталууда. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X