Бишкекте автобустун айдоочусу жасалма күбөлүк менен иштеп жүргөнү аныкталды
Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, кырсык №34 каттамдагы Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун катышуусунда болгон. Автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп бара жатып, жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп жаткан өспүрүмдү сүзүп кеткен. Бала алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Алгачкы кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө айдоочу 2023-жылдын сентябрында жумушка жарактуу айдоочулук күбөлүк менен кабыл алынганы, бирок 2026-жылдын январында транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылганы аныкталган. Ошол эле учурда ал бул маалыматты иш берүүчүдөн жашырып, текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөнү белгилүү болгон.
Ошондой эле соттук териштирүүдө өзүн убактылуу жумушсуз катары көрсөткөндүктөн, анын айдоочулук укугунан ажыратылганы тууралуу маалымат муниципалдык автобазага жетпей калганы маалымдалды.
Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы муниципалдык транспортто коопсуздукту күчөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, жооптуу жетекчилердин ишин кескин сынга алды. Анын айтымында, айдоочуларды каттамга чыгарууда медициналык кароодон өткөрүү менен катар алардын документтеринин жарактуулугун мамлекеттик маалымат базалары аркылуу текшерүү механизми жолго коюлган эмес.
Айбек Жунушалиев үч күндүн ичинде кызматтык иликтөөнү аяктап, жооптуу адамдарды аныктоону тапшырды. Анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр кызматтан бошотууга чейин эң катаал жоопкерчиликке тартылары, ал эми иликтөө материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилери белгиленди.