Бишкекте автобустун катышуусундагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Жаш Гвардия бульварында автобустун катышуусунда болгон кырсык боюнча текшерүү жүргүздү. Кырсыктан 9 жаштагы бала каза болгон.

Текшерүүдө «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочунун автобусту башкаруусуна жол берип, техникалык көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X