Бишкекте аялдардын ишкердүүлүгүнө арналган көргөзмө өтүп жатат
Онлайн жана оффлайн форматта өтүүчү 3 күндүк көргөзмө Бишкекте 28-апрель күнү башталды. Бул иш-чарага 12 өлкөдөн 900 ишкер, ал эми кыргызстандык 30 ишкер айым катышып жатат. Долбоордун алкагында аймактардан келген ишкер айымдар маркетинг, бренддинг, анализ жасоо боюнча маалымат алышат. “Аймактардан келген ишкер айымдарды тажрыйба алмашуусу үчүн топторго бөлдүк. Иш-чарага дүйнөдө белгилүү болгон ишкер айымдар чакырылган. Катышуучулар алар менен сүйлөшүп, кызыктуу суроолорду бере алышат”, — деди долбоорго жооптуу Гүлжан Ниязалиева.