Бишкекте баңгизатка каршы рейддер күчөтүлдү
Бишкек шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирип, борбор калаада комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөнүн маалымдады.
Баңгизат жана психотроптук заттарга байланышкан кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу максатындагы рейддер түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Өзгөчө жаштар көп барган жайларда мыйзам талаптарын сактоо маселесине көңүл бурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө көңүл ачуучу жайлардын администрацияларына мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ички көзөмөлдү күчөтүү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар эскертилди.
ИИМ мындай рейддер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында мындан ары да улантыларын билдирди.