Бишкекте балдар онкологиясына 24 млн сомдук жабдуу берилди
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 24 млн сомдон ашык заманбап медициналык жабдуу тапшырылды.
Жабдууларды «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду берген. Аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез системасы оор дартка чалдыккан балдарды дарылоону жакшыртып, өзөк клеткаларын трансплантациялоо программасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргызстанда жыл сайын мындай трансплантацияга 20-30 бала муктаж. Учурда борбордогу атайын трансплантациялык блокту оңдоо да аяктап, аны 2-3 жумада ишке берүү пландалууда.