Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында “Канал-Янтарный берег” аттуу баңгизатка каршы жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу жаранды кармашты.
Алдын ала тергөө маалыматына ылайык, шектүү Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды “закладка” ыкмасы аркылуу жашыруун жайларга калтыруу менен таратып жүргөнү аныкталган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мурда даярдап жашырган жайларын өз ыктыяры менен көрсөтүп берген. Бул жерлерди текшерүү маалында жалпы салмагы 1 килограмм 558 граммды түзгөн ооган гашиши табылып алынган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Учурда алынган зат боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул кылмышка катышы болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.