"Эркин-Тоо"

Бишкекте «Барселона» футбол академиясы курулат

Президент Садыр Жапаров менен «Барселона» клубунун башчысы Жоан Лапорта30-августта «Барселона» футбол клубунун академиясынын курулушуна  капсула салды.

Маалымтка ылайык, спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана «Барселона» (Barça) бренди менен мейманкана курулат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 10 млрд сомго жакын. Комплекстин курулушун 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!