Бишкекте башка адамдын транспорттук картасын колдонгондорго айып пул салынды
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол кире төлөө тартибинин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик текшерүүлөрдү улантууда.
Мекемеден билдиришкендей, кезектеги рейддин жүрүшүндө өзүнө тиешелүү эмес транспорттук карталарды колдонгон бир нече жүргүнчү аныкталды. Алардын арасында мектеп окуучуларына берилген карталарды чоң адамдар, ошондой эле пенсионерлер үчүн каралган транспорттук карталарды башка жарандар мыйзамсыз пайдаланган учурлар катталган.
Аталган фактылар боюнча административдик протоколдор түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык тартип бузган жүргүнчүлөрдүн ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Муниципалдык ишкана жүргүнчүлөрдү белгиленген эрежелерди сактоого, жол кирени өз убагында төлөөгө жана өзүнө тиешелүү транспорттук карталарды гана колдонууга чакырды.