Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, борбор калаада батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн экенин кабарлады.

Мекеменин адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, өткөн жылдын сентябрынан бери батирлердин чарчы метринин баасы 1 400 доллар деңгээлинде туруктуу кармалып турат. Ал кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын өсүү темпи жайлап жатканын белгиледи.

Сукенбаевдин божомолу боюнча, быйылкы жылдын I чейрегинде бааларда олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт, бирок II чейректе алар акырындык менен төмөндөй баштайт.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X