Бишкекте, Баткенде дары-дармектер жетиштүү
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарды дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектер жетиштүү — деп билдирди. Эске салсак, чек арада оор жаракат алгандар Бишкек травмотолгия жана ортопедия илимий борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дарыланышууда.
Министрлик Бишкектеги 16 медициналык мекеме тарабынан ооруканаларга антибиотиктер, инфузиондук эритме, ооруну басаңдатуучу дарылар, хирургиялык кол каптар бекер таратып берүү үчүн медициналык каражаттар жыйналганын кошумчалады.