Бишкекте бензиндин баасы 50 сомдон ашып кетти

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 13

Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты. 21-апрелге карата, «Газпром» компаниясы АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди 50,50 сомдон, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 48,50 сомдон сата баштады.
Ал эми «Роснефть» АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди 50,30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майды 48,30 сомго баалады.

Буга чейин адистер күйүүчү майдын баасына дүйнөлүк рыноктогу абал таасир этип жатканын айтып, Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, апрель айында бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганын маалымдашкан.

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X