Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект бузулуп, 7,6 миң чарчы метр жер бошотулду

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Бишкекте 2026-жылдын 19–23-октябрь күндөрү 77 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарды жоюу иштерин улантууда. Көрсөтүлгөн мезгилде жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалган.Возможно, это изображение текст

Иштер мажбурлоо тартибинде жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлгөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин айрым объект ээлери мыйзамсыз курулуштарын өз алдынча алып салышкан.

Мындан тышкары, жер мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча жалпы суммасы 1 миллион 992 миң сомду түзгөн 52 протокол түзүлгөн. Алар муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп алуу жана бөлүнүп берилген жер тилкелеринин аянтын мыйзамсыз кеңейтүү учурларын камтыйт.

Мэрия шаар тургундарын жана ишкерлерди жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырды. Тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок объекттерди курууга жана жер тилкелеринин же курулуштардын чектерин мыйзамсыз кеңейтүүгө жол берилбейт.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте, анын ичинде мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо чаралары көрүлөт.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X