Бишкекте «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын жеке гүл дүкөнү ачылды

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Бишкекте «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы өзүнүн алгачкы гүл дүкөнүн ишке киргизди. Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору ишкананын күнөсканаларында өстүрүлгөн гүлдөрдү жана идишке отургузулган декоративдик өсүмдүктөрдү ортомчусуз, түздөн-түз өндүрүүчүдөн сатып ала алышат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы гүл дүкөнүнүн салтанаттуу ачылышы Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан ишкананын аймагында өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын директору Адилет Абылбеков катышып, кызыл лентаны кесишти.

Белгиленгендей, жаңы дүкөндүн ачылышы ишкананын өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул шаар тургундарына сапаттуу гүлдөрдү өндүрүүчүдөн түз, жеткиликтүү баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Дүкөндө сунушталган бардык гүлдөр жана декоративдик өсүмдүктөр «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын жеке күнөсканаларында заманбап талаптарга ылайык өстүрүлөт.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана борбордун конокторун Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан жаңы гүл дүкөнүнө келип, бөлмө гүлдөрүнүн жана декоративдик өсүмдүктөрдүн кеңири ассортиментин көрүүгө чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X