Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган эл аралык балет сынагы өтөт

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 73

Бишкекте 3–9-ноябрь күндөрү кыргыздын залкар балеринасы, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры уюштурууда.

Сынакка балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Калыстар тобуна дүйнөлүк балет өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрү кирет. Сынактын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айзада Тумакова.Возможно, это графический образ (текст)

Башкы байге — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-при. Анын өлчөмү 200 миң сом. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар боюнча байгелер тапшырылат.

Сынак жаш балет артисттерин колдоого, кыргыз балет өнөрүн өнүктүрүүгө жана Бүбүсара Бейшеналиеванын чыгармачылык мурасын жайылтууга багытталган.

Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз профессионалдык балетинин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал «Чолпон», «Анар», «Асель» балеттеринде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы ролдорду аткарган.

1958-жылы ага СССРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X