Бишкекте БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча алкактык программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды
Бишкек шаарынын Ынтымак Ордо имаратында 14-май күнү Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтыктын 2023–2027-жылдарга каралган алкактык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан менен БУУнун системасынын ортосунда туруктуу өнүгүү багытында активдүү кызматташтык жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Алкактык программа тараптардын өз ара аракеттенүүсүндөгү негизги инструменттердин бири болуп саналат.
Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикасы акыркы жылдары туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди. Анын маалыматына ылайык, соңку төрт жыл ичинде экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2 пайызды түзгөн. Ал эми 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 11,1 пайызга жетсе, 2026-жылдын биринчи кварталында экономика 10,1 пайызга өскөн.
Министрлер Кабинетинин төрагасы жогорку экономикалык көрсөткүчтөр жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдарды жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик программаларды ишке ашырууга мүмкүндүк берип жатканын белгиледи.
“Жогорку экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү жана аларды сактап калуу калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн өтө маанилүү. Бул багытта бизге өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде БУУ тутумунун колдоосу зарыл”, — деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Антье Граве Стратегиялык координациялык комитет өлкөнүн өнүгүү муктаждыктарына ылайык келген артыкчылыктар боюнча жалпы түшүнүктү камсыз кылууга багытталганын белгиледи.
“Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанды экономикалык өсүштү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, туруктуулукту бекемдөөгө жана аялдар, жаштар менен аялуу катмарлар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багыттоодо колдоону улантат”, — деди ал.
Жыйындын алкагында Кыргызстандагы БУУнун долбоорлорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктары жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган орто мөөнөттүү пландар каралды. Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү баяндама жасашты.