Бишкекте дүйнөлүк бийчилер чогулду

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

11–12-апрелде Бишкек шаарында хип-хоп маданиятына арналган эл аралык Groove Republic: LDDLM Edition фестивалы өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген бийчилерди бириктирди.

Фестиваль Бишкектеги «Франкофония жазу» программасынын алкагында өтүп, Кыргыз Республикасындагы Франциянын жана Швейцариянын элчиликтери, Бишкектеги Француз альянсы, ошондой эле Европа Бирлигинин делегациясы тарабынан колдоого алынды.

Анын алкагында Кыргызстанда алгачкы жолу дүйнөгө таанымал LDDLM Crew командасынын өкүлдөрү мастер-класстарды өткөрүштү. Франция, Швейцария жана Испаниядан келген бийчилер катышуучулар менен кесиптик тажрыйбалары менен бөлүштү.

Музыкалык коштоону Франциянын Ницца шаарынан келген DJ TellaX камсыз кылды.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестиваль катышуучулар үчүн тажрыйба алмашууга, кесиптик деңгээлди жогорулатууга жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары, чет элдик коноктордун катышуусу Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түзөрү белгиленди.

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X