Бишкекте дагы 2 мектеп карантинге жабылды
Бишкек шаарындагы №66 жана №93 мектептер карантинге жабылып, окуучулар аралыктан окууга өтүштү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Буга чейин Бишкек шаарында алты мектеп (№26, №63, №17, №35, №67, №24) карантинден чыкса, дагы 10 мектеп (№61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64, №88) карантинге жабылган.
Эскертүү:
Бишкек шаардык мэриясы, балдар менен ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып, пандемия учурунда окуу процессине мониторинг жүргүзүп турууга чакырды.