Бишкекте “Доор өзгөрткөн билим” аттуу форум өтүүдө

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 262

Бүгүн  Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясынын уюштуруусу менен “Доор өзгөрткөн билим” аттуу ата-энелер форуму өз ишин баштады.

Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берүү жана коомчулук менен ачык диалог түзүү.

Форумдун жүрүшүндө жалпы билим берүү системасын жаңылоо багытында ишке ашырылып жаткан “Алтын казык” программасынын биринчи окуу жылындагы жыйынтыктары талкууланууда.  Адистер ата-энелердин суроолоруна жооп берип, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн мазмуну жана натыйжалары боюнча маалымат беришүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү, санариптик технологияларды колдонуу жана окуучулардын заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелери боюнча кеңири талкуу болот.

Учурда форум өз ишин улантууда.

https://www.youtube.com/live/LdKX2vgTZts

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X