Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити үчүн эки фан-зона ачылат

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрсөтүү үчүн Бишкектин Биринчи Май районунда эки фан-зона уюштурулат.

Фан-зоналар Ч. Түлөбердиев атындагы паркта жана Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги гандбол аянтчасында жайгашат. Бул жайларга чоң LED-экрандар орнотулуп, концерттик программа, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмөлөр жана фуд-корттор уюштурулат.

Фан-зоналардын иштөө убактысы иш-чаралардын датасына жакын кошумча жарыяланат.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X