Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы үчүн 11 фан-зона уюштурулат
2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин негизги иш-чараларын борбор калаанын тургундары менен коноктору түз эфирде көрө алышат. Бул үчүн Бишкек шаарында жалпысынан 11 фан-зона уюштурулат.
Негизги фан-зона борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашып, анда ачылыш аземи чоң экран аркылуу түз көрсөтүлөт. Расмий эфир башталганга чейин келгендер үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда майрамдык концерттик программа тартууланат.
Ошондой эле аянтта фуд-корттор, эс алуу бурчтары жана үй-бүлөлөр үчүн атайын көңүл ачуу аянтчалары иштеп, майрамдык маанайды толуктайт.
Мындан сырткары, борбор калаанын төрт районунда дагы 10 кошумча фан-зона ачылат. Натыйжада Бишкек боюнча жалпысынан 11 аянтча иштеп, шаар тургундары менен коноктору Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин маанилүү учурларын биргеликте көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.