Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын көрүү үчүн 12 фан-зона уюштурулат
Бишкекте 31-августта өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрүү үчүн 12 фан-зона иштейт. Алар борбор калаанын төрт районунда жайгашып, шаар тургундарына жана меймандарга маанилүү эл аралык иш-чараларды чогуу көрүүгө шарт түзөт.
Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Мындан тышкары, Октябрь, Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунда да атайын аянтчалар даярдалат.
Октябрь районунда — «Тунгуч-1» сквери жана «Ынтымак-2» паркынын амфитеатры; Ленин районунда — Фучик атындагы парк, Ак-Өргөдөгү «Ашар» паркы жана Жал кичи районундагы «Муун» сквери жайгашат.
Биринчи май районунда — Ч. Түлөбердиев атындагы парк, Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси жана Ак-Босогодогу сквер; Свердлов районунда — «Алга» спорт комплекси, №66 жана №21 мектептердин аймактары белгиленген.
Белгилей кетсек, жайгаштыруу схемасы оптималдаштырылгандыктан, Д. Асанов атындагы паркта фан-зона уюштурулбайт.
Бардык фан-зоналар LED-экрандар менен жабдылып, алардан Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары түз эфирде көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, коноктор үчүн концерттик программалар, фотозоналар, көргөзмөлөр, фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулат. Улуттук баалуулуктарды даңазалаган тогуз коргоол, чүкө жана беш таш оюндары боюнча интерактивдүү программалар өткөрүлөт.
Фан-зоналардын так иштөө убактысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити жакындаганда кошумча жарыяланат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын эл аралык маанидеги иш-чараларды бирге көрүп, майрамдык маанайга күбө болууга чакырды.