Бишкекте эбру өнөрүнө арналган иш-чара өтөт
Бишкек шаарында 31-марттан 3-апрелге чейин эбру өнөрүнө (суу үстүндө сүрөт тартуу өнөрү) арналган көргөзмө өтөт. Иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде уюштурулат.
Көргөзмө Эбристан коомдук фонду тарабынан Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Иш-чара эбру өнөрүн кеңири таанытуу жана кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоо максатын көздөйт.
Көргөзмөнүн ардактуу коногу — эбру өнөрүнүн дүйнөгө таанымал устаты Хикмет Барутчугил болот. Ал ЮНЕСКОнун «Адамзаттын жандуу казынасы» наамынын ээси катары бул искусствону дүйнөлүк деңгээлде жайылтып келген. Ошондой эле иш-чарага анын шакирти, кыргыз сүрөтчүсү Мухлиса Имамова да катышат. Ал негиздеген «Эбристан Бишкек Эбру Үйү» аркылуу эбру өнөрүн Кыргызстанда жайылтып, улуттук элементтерди бул ыкма менен айкалыштырып келет.
Көргөзмөнүн алкагында сүрөттөрдөн тышкары жандуу эбру көрсөтүүлөрү уюштурулуп, келгендер бул өнөрдүн жаралуу процессине күбө боло алышат. Анын ичинде Кыргызстан жана Түркиянын желектери, ошондой эле Баткендин символу болгон Айгүл гүлү эбру техникасы менен тартылат.
Белгилей кетсек, көргөзмөнүн ачылышы 31-мартта саат 15:00дө өтөт.