Бишкекте эгемендүүлүк жылдарындагы борбор калаанын өнүгүүсү талкууланды

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, эксперттер, архитекторлор, шаар куруу адистери жана экологдор катышты.

Конференцияда эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкектин өнүгүүсү талданып, шаар куруу жана архитектура, транспорттук жана социалдык инфраструктура, экология, жашыл аймактарды сактоо, маданий мейкиндик, инвестициялык потенциал жана муниципалдык башкарууну санариптештирүү маселелери талкууланды.

Мэр Айбек Джунушалиев илимий жана эксперттик коомчулуктун сунуштары борбор калааны мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоодо эске алынарын белгиледи.

Ошондой эле конференцияда Бишкекти өнүктүрүүгө байланышкан илимий баяндамалар жана аналитикалык материалдар сунушталып, шаардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Анда борбор калаанын туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган негизги багыттар белгиленди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X