Бишкекте Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана бардык кызыкдар тараптарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өтө турган Экологиялык кеңештин ачык жыйынына катышууга чакырат.

Жыйын шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоого арналат.

Иш-чара 2026-жылдын 10-июлунда саат 17:00дө «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинде өтөт. Дареги: Багыш көчөсү, 82.

Мындан тышкары, каалоочулар мэрия уюштурган көчмө жыйынга да катыша алышат. Анын жүрүшүндө муниципалитет өкүлдөрү жарандык активисттердин сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын угуп, алар менен биргеликте шаардагы көйгөйлүү аймактарды кыдырышат.

Көчмө жыйынга катышууну каалагандар 10-июль күнү саат 16:00дө Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдына (Чүй проспектиси, 166) чогулушу зарыл. Андан соң катышуучулар «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барышат.

Жыйынга жарандык активисттер, ыктыярчылар, экологиялык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер чакырылат.

Катышууну каалагандар 2026-жылдын 9-июлунда саат 13:00гө чейин +996 550 900 358 телефон номери аркылуу алдын ала каттоодон өтүшү керек.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X