Бишкекте эмгек мигранттарына жардам берүүчү борбор ачылды

23-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 145

Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча жаңы ресурстук борбор ачылды. Борбор Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD) тарабынан ишке ашырылып жаткан «PROTECT» долбоорунун алкагында түзүлдү.

Долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору өнөктөш катары катышууда. Жаңы борбор аталган мекеменин Бишкек шаарындагы имаратында жайгашат.Возможно, это изображение текст "Бишкек рациялык ресурстук урстук борбор еспубликасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция борбору, министрлиги 2026-жыллы 22-майында караштуу Жарандарды чет елкеде ишке Эл аралык миграция саясатын ΘΗΥкγрγν борбору орноштуруу жана Европа Биримдиги тарабынан ачылды. (ICMPD) อนน gana Вотуроие Bnian ICMPD International Centre InternationalCentreftor for Migration Policy MigrationPolicyDevelopment Development PROTECT MPRONING РосиснСаТМем MGRATONM DMIGRANT PROTECTIEM ksnlected คิวยิค CoteiA E1Cos0 นืวราถคร MIG МИГРАЦИЯЛЫК РЕСУРСТУК БОРБОР SLTEN CEN"

Ресурстук борбор жарандарды коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция тууралуу ишенимдүү маалымат менен камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, мыйзамсыз миграция, адам сатуу жана эмгек эксплуатациясы сыяктуу тобокелдиктер боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максаты коюлган.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери М.К. Алиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Делегациясынын өкүлдөрү, ICMPD, эл аралык уюмдар жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Министрдин орун басары М.К. Байгончоковдун айтымында, жаңы борбордун ишке кириши жарандардын коопсуз миграция боюнча маалымат алуусун жеңилдетип, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо механизмдерине жеткиликтүүлүктү кеңейтет.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и отдел новостей

Иш-чаранын алкагында Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен ICMPD ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы алгачкы Мигранттар үчүн ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Андан бери борбор 21 миңден ашуун жаранга консультация берип, маалыматтык жолугушууларды, чет өлкөгө чыгууга даярдоо иш-чараларын жана бош орундар жарманкелерин өткөргөн.

Бишкектеги жаңы борбор дагы жарандар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коопсуз эмгек миграциясы боюнча тренингдерди, чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушууларды уюштурат. Ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү жамааттар менен тыгыз кызматташат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X