Бишкекте Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 эл аралык көргөзмөсү расмий түрдө ачылды

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 197
Бүгүн, 2026-жылдын 18-июнунда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулган энергетика тармагындагы технологиялардын, жабдуулардын жана инфраструктуралык чечимдердин биринчи эл аралык көргөзмөсү — Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 өз ишин расмий түрдө баштады.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков ачып, көргөзмө Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү аянтча экенин белгиледи.
«Бүгүн биз жөн гана көргөзмөнүн ачылышына күбө болуп жаткан жокпуз. Биз энергетика тармагынын келечегин аныктай турган идеялардын, технологиялардын жана стратегиялык өнөктөштүктөрдүн жаңы аянтчасын ачып жатабыз. Кыргызстан энергетикалык кызматташтыктын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет жана аймактагы туруктуу энергетикалык келечекти биргелешип курууга даяр», — деди министр.
Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин Энергетика министрлеринин кеңешмесине арналган.
Көргөзмө энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды, ири энергетикалык компанияларды, инвесторлорду, долбоорлоочу жана өндүрүштүк уюмдарды бир аянтчага чогултуп, тармактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.
Быйылкы көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнам мамлекеттеринен 40тан ашуун компания катышып, энергетика тармагындагы акыркы технологияларын, жабдууларын жана инновациялык чечимдерин сунуштоодо.
Экспозиция күн энергетикасын, кайра жаралуучу энергия булактарын, гидроэнергетиканы, энергетикалык жабдууларды жана электротехниканы, энергетикалык объектилерди куруу жана долбоорлоону, гидротурбиналарды, генераторлорду, трансформаторлорду, газды ташуу жана бөлүштүрүү технологияларын, көмүр кендерин өздөштүрүүнү, өндүрүштүк жабдууларды жана атомдук энергетиканы камтыйт.
18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 197
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X