Бишкекте эттин баасына көзөмөл күчөтүлд. Базарларда рейддер өтүүдө

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 76

Бишкекте уй жана кой этинин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда. Муниципалитеттин маалыматына караганда, текшерүүлөр базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө.

Рейддер райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, ветеринардык кызмат жана башка тиешелүү органдар менен биргеликте уюштурулууда.

Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, төрт кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Ленин районунда текшерүү «Ош» базарында жүргүзүлдү. Ал эми Биринчи май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейд өткөрүлгөн.

Свердлов районунда учурда 1 кг уй этинин баасы 770 сом, кой эти 880 сом экени маалымдалды.

Мониторинг учурунда соодагерлерге эттин баасын негизсиз көтөрбөө жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X