Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

11-августтан тарта Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Бул жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы. Жолдо эски асфальт алынат, негиз бекемделип, инженердик тармактар оңдолот. Андан соң жаңы асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы жаңыланат.

Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А.Суюнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги иштер аяктап, жол кыймылына ачылган.

Мэрия айдоочуларды жол каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X