Бишкекте ГИК үчүн 17 гектар жер турак жай курууга бөлүндү
Министрлер Кабинети Бишкек шаарындагы 17,05 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин Мамлекеттик ипотекалык компанияга (ГИК) көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн бөлүп берди.
Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечимге ылайык, Октябрь районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан сугат айдоо жерлери (№544, №545 жана №552 контурлар) айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрүлдү.
Учурда курула турган үйлөрдүн, батирлердин саны жана курулуш иштеринин башталыш мөөнөтү тууралуу маалымат айтыла элек.