Бишкекте ИИМ Ички аскерлеринин 80 жылдыгы белгиленүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Мамлекет башчысы өзгөчө ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу болгон «Күжүрмөн туусун» ИИМ ички аскердик бөлүгүнө тапшырды.
«Президент аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, элибизге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү объектилерди гана кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи», — деп жазылат маалыматта.
«Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, сиздер жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам», — деди Садыр Жапаров.
«Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндөгү” токтомунун долбоорун даярдалган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү каралган»,- деп билдирет Президенттин Администрациясы.