Бишкекте ири жылуулук түтүгү жаңыланат. Айдоочуларга эскертүү берилди
Бишкек шаарында жылуулук тармагын жаңылоо иштерине байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Маалыматка ылайык, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги диаметри 219 мм жана 273 мм болгон жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери аяктады.
Эми адистер тармакты жаңылоонун кийинки этабына өтүп, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги диаметри 426 мм болгон түтүктү алмаштырышат.
Иштер жылуулук менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилинде туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.