Бишкекте IT багытындагы акысыз санариптик мектеп ачылат
Кыргызстанда IT тармагында заманбап билим берүүгө багытталган “Мектеп 21” санариптик технологиялар мектеби ишке киргизилет. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын ПАО «Сбербанк» компаниясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Герман Грефтин ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашууда.
Инициатива Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Агартуу министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылып жатат.
“Мектеп 21” — IT багытында акысыз билим жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө шарт түзгөн инновациялык окуу платформасы болуп саналат. Долбоордун максаты — жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана жогорку квалификациялуу IT адистерин даярдоо.
Окууга 18 жаштан жогорку жарандар кабыл алынат. Окуу процессинде салттуу мугалимдер жок болуп, катышуучулар peer-to-peer ыкмасы аркылуу — бири-биринен үйрөнүү менен билим алышат.
Кабыл алуу “бассейн” ыкмасы менен жүргүзүлүп, алгач 200 талапкер тандалат. Аларга негизги IT тапшырмалар берилип, ийгиликтүү өткөндөр негизги окуу программасына кабыл алынат.
Окуу мөөнөтү 1 жылдан 1,5 жылга чейин созулат. Мектеп 24/7 форматында иштейт жана аймактардан келген студенттер үчүн жатакана каралган.
Долбоор үчүн Бишкек шаарындагы №99 кесиптик лицейдин аймагындагы колдонулбай турган эки имарат бөлүнгөн. Учурда имараттарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жалпы аянты 2 миң чарчы метр окуу корпусу жана 1 миң чарчы метр жатакана заманбап талаптарга ылайык жабдылууда. Мектептин расмий ачылышы 2026-жылдын июль айына пландалган.
Белгилей кетсек, “Мектеп 21” долбоору Россияда 2018-жылы ишке кирип, учурда ал өлкөдө 22 санариптик мектеп иштеп жатат. Ошондой эле мындай билим берүү борбору Өзбекстанда да ачылган.