Бишкекте көчөлөр түнкүсүн жуулуп, тазаланууда
«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы көчөлөрдү жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери түнкү саат 00:00дө башталат. Ага 46 суу чачуучу атайын техника тартылып, алар таңкы саат 06:00гө чейин иш алып барышат.
Белгиленгендей, жууп-тазалоо иштери шаардын негизги магистралдык жолдорун гана эмес, кошумча көчөлөрдү да камтыйт.
Мэриядан кошумчалашкандай, мындай иштер шаардагы тазалыкты камсыз кылуу жана жолдордун абалын жакшыртуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.