Бишкекте кандай долбоорлор ишке ашууда?
Бишкек мэриясынын маалыматына таянсак, ушу тапта борбор шаардын инфраструктурасын жаңылоо, транспорт системасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган бир катар инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу
Бишкекте дагы бир маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири – катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу. Бул долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 95 млн долларды түзөт. Ишкана суткасына 1000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген. Анын кубаттуулугун 1 200 тоннага чейин жогорулатууга жана 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күндө 80 жумуш орду түзүлгөн. Ушул жылдын июль айында долбоордун экинчи баскычына кадам ташталды. Экинчи баскычта суткасына 2 000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө жөндөмдүү кошумча объект куруу каралган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. Бул ишке тартылган инвестициянын көлөмү 56 млн долларды түзөт. Иштер аяктагандан кийин саркынды сууларды тазалоонун жалпы кубаттуулугу суткасына 500 миң куб метрге чейин жетери күтүлүүдө.
300 млн долларлыкинвестиция
Борбор калаада «Ак-Кула» ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс курулууда. Долбоордун инвестициялык көлөмү 300 млн доллардан ашат. Учурда курулуш жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Аны менен катар «Бишкек-Сити» көп функционалдуу комплексинин долбоору «Туран Сити» компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоорго 300 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Долбоор заманбап шаардык жана коомдук инфраструктуранын объектилерин түзүүнү көздөйт.
“Оптима” турак жай комплекси
Ошондой эле, инвестициянын көлөмү
1 млрд 200 млн сомду түзгөн «Оптима» турак жай комплексинин долбоору иштелип чыккан. Долбоордун алкагында турак жайлар, парк, эс алуу зоналары, билим берүү жана маданий инфраструктура объектилерин түзүү каралган.
Теннис: эки спорт комплексинин реконструкция иши
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкек шаарында теннис боюнча эки спорт комплексин реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда. Долбоорлорго жалпы инвестициянын көлөмү 440 млн сомдон ашат. Алар заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүүгө багытталат.
Бишкекте аткарылып жаткан иштердин катарын көчө-жол тармагын өнүктүрүү жана транспорттук жол түйүндөрүн куруу долбоорлору да толуктайт. Атап айтсак, «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү» долбоорлорунун алкагында Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоо жана үч транспорттук жол түйүнүн куруу каралган. Бул долбоор гранттык каражатка каржыланып, анын көлөмү 32,6 млн доллар. Бул иш соңуна чыкса, шаардын транспорттук байланышы жакшыртылып, жол тармагынын айрым тилкелеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт.
Негизинен инвестициялык активдүүлүк Бишкектин экономикалык өнүгүүсүнө, шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга жана заманбап, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөрү анык. Ошол эле учурда долбоорлордун олуттуу бөлүгүндө калкты иш менен камсыз кылуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мээрим Бактыбекова