Бишкекте катуу шамалдан 37 бак кулады

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140

Бишкек шаарында 10-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен жалпы 37 бак кулаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, шамал бир көп кабаттуу үйдүн жана бир жер үйдүн чатырын учурган. Ошондой эле үч жеңил унаа кулаган бактардын алдында калган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин ыкчам тобу жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тартылып, аймактарды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X