Бишкекте Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы чектелет
Бишкекте жылуулук тармактарын жаңылоо иштерине байланыштуу Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Муниципалдык «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын маалыматына ылайык, буга чейин Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги иштер аяктап, диаметри 426 мм болгон түтүк өткөргүч жаңыланган.
Кийинки этапта Киев–Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук камерасынын эски жабуу плиталарын алуу, жаңыларын орнотуу, тазалоо жана жылуулук изоляциялоо иштери жүргүзүлөт.
Аталган иштерге байланыштуу жол тилкесинде унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.